Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:39

Сот министр Жунушалиевдин “Азия-Ньюс” гезити боюнча арызын карайт


Кашкар Жунушалиев.
Кашкар Жунушалиев.

Октябрь райондук соту ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин “Азия-Ньюс” гезити боюнча жазган арызын карайт. Министр “ар-намысыма шек келтирди” деген негизде бул гезитти сотко берген. Адвокат Динара Аширалиева “гезитте жарык көргөн айрым маалыматтардын чындыкка дал келбегени жана гезит бетиндеги коллаж сотко берүүгө себеп болгонун” “Азаттык” радиосуна билдирген.

Биринчи соттук отурум 19-июлда өткөн. Анда макала-сүрөттөр боюнча кошумча түшүндүрмө берүү үчүн гезиттин тиешелүү кызматкерлери сотко чакырылган.

Жунушалиев аталган гезиттен 5 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүндү.

Буга чейин ички иштер министринин мурдагы орун басары Данияр Абдыкаров да ушундай эле негизде “Азия-Ньюс” гезитин сотко берип, кийин доосунан баш тарткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG