31-июлда болжол менен саат 22.00 чамасында Ош шаарынын Мамыров көчөсүндө жайгашкан "Ред-Петролеум" автомай куюуучу жайдын алдында токтоп турган май ташуучу унаадан өрт чыккан. Өрт өчүрүү кызматына жана милицияга кабар 22.18де берилген. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы да ырастады. Маалыматка ылайык өрт чыккан унаа жарылып кеткен. Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен саат 23:10до жалын чектөөгө алынган. Тилсиз жоо күйүүчү май сакталган цистерналарга жеткен эмес.
Алдын ала маалыматтар боюнча өрттөн жабыркагандар болгон эмес. Бул маалыматты 103 Медициналык тез жардам кызматы да ырастап, катуу күйүк менен кайрылгандар болбогонун маалымдашты. Ош шаардык ички иштер кызматкерлери жарандарды коопсуз жайга жылдырышып, кооптуу аймакты курчоого алышкан, майбекет жайгашкан жол эки тарабынан жабылган. Өрт чыккан майбекет жайгашкан жер Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагына карайт. (MdN/ZKo)