Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:00

Атамбаев: Бакиев режимин реабилитациялоо аракети жүрүп жатат


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2010-жылы өлкөдөн качкан мамлекет башчы Курманбек Бакиев тууралуу тасманын Кыргызстандагы телеканалдардан көрсөтүлүшү боюнча комментарий берди. Ал Кой-Таштагы үйүндө, “элдик штабда” чогулган тарапташтары менен жолуккан учурда журналисттин суроосуна жооп берди.

"Чындыгында Бакиев учурундагы кандуу режимди реабилитациялоо аракети болуп жатат. Ал кезде журналисттер жана башкалар өлтүрүлүп, токмоктолгон. Бийлик үчүн адамдарды өлтүрсө боло берет дегендей реабилитация аракети болуп жатат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп калды. Азыр бийлик "бир ууч адамдын кызыкчылыгына караганда элдин кызыкчылыгын жогору коёбуз" дейт. Бирок тескерисинче болуп жатпайбы".

Президент Сооронбай Жээнбеков 31-июлда Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочулары менен жолугушуп, Атамбаевдин тегерегиндеги окуяларга биринчи жолу комментарий берген. Ал мурдагы президенттин иши мыйзам чегинде чечилиши керектигин белгилеп, “Бир ууч топтун жеке кызыкчылыгына каршы чыгышым мүмкүн, бирок элимдин кызыкчылыгына каршы чыкпайм!”, - деп айткан.

30-июлда "НьюТВ" жана "НурТВ" телеканалдары 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоолордо өлкөдөн качып кеткен мурдагы президент Курманбек Бакиевди жактап, 70 жылдыгы менен куттуктаган тасма көрсөткөн. Ал учурда үй-бүлөсү менен Беларустун борбору Минск шаарында жашайт. УКМК бул тасмалар боюнча эскертүү берген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG