Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 07:32

«Вечерний Бишкек» кайра Александр Кимге өттү


«Вечерний Бишкек» гезити.

Бишкек шаардык соту Александр Рябушкин менен Галина Рябушкинаны «Вечерний Бишкек» басма үйү» жабык акционердик коомундагы үлүшүнөн ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Александр Кимдин адвокаты Сергей Воронцов билдирди.

Жактоочунун айтымында, тараптар баштапкы ордуна келди – Александр Ким «Рубикон» рекламалык компаниясынын жана «Вечерний Бишкек» басма үйү» жабык акционердик коомунун активдеринин жана акцияларынын ээси.

- Айрым техникалык маселелер калды, бирок сот өз чечими менен Кимге баарын кайтарып берди, - деди Сергей Воронцов.

Рябушкин 2014-жылы сотко арыз жазып, 2005-жылы басылмадагы үлүшүн Ким тартып алганын билдирген. Анын арызы канааттандырылып, алгач «Рубикон», андан соң басма үйү толугу менен Рябушкинге өткөн. Бирок 2018-жылы Ким Рябушкиндин үстүнөн арыз жазып, эки кылмыш иши козголгон, Рябушкин камакка алынган.

«Вечерний Бишкек» - өлкөдөгү эң ири маалыматтык-жарнамалык басылма. Кыргызстан эгемендик алгандан бери бул басылмада мүлк талаштын аягы тыйылбай, бийлик алмашкан сайын «Вечерний Бишкектин» кожоюну да өзгөрүп келет. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG