Кошмо Штаттары 31-июлда Ирандын тышкы иштер министри Мохаммед Жавад Зарифти санкция салынгандардын тизмесине кошту. “Мохаммед Жавад Зариф АКШнын Финансы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын өзгөчө категориядагы адамдардын тизмесине киргизилди”, - деп жазылган министрликтин расмий сайтындагы маалыматта.
АКШнын президенти Дональд Трамп жана мамлекеттик катчы Майк Помпео Иран менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдиришкен. Трамп 2015-жылдагы “өзөктүк келишимдин” ордуна жаңы макулдашууну сунуш кылган.
Зариф "Твиттердеги" баракчасына АКШнын санкциясы ага жана анын үй-бүлөсүнө эч кандай таасир бербей турганын, анткени чет өлкөлөрдө мүлкү жок экенин жазды.
“Мен Ирандын бардык өлкөлөрдөгү негизги өкүлү болгонум үчүн АКШ мага карата санкция киргизди. Бул мага жана үй-бүлөмө таасирин тийгизбейт. Мени чоң коркунуч катары күн тартибине киргизип жатканыңарга рахмат”, - деп жазды.
Зарифтин БУУнун жыйынына катышуусуна чектөө коюлган жок. Буга чейин Вашингтон Зарифке Улуттар Уюмунун башкы кеңсесинде, Ирандын уюмдагы өкүлчүлүгүндө жана элчинин резиденциясында, Нью-Йорктогу Жон Кеннеди аба бекетинде гана болууга уруксат берген. Бириккен Улуттар Уюму бул чектөөгө камтамачылык билдирген.