Кыргызстанда баланын төрөлүшү боюнча демографиялык көрсөткүч өсүүдө. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Мекеменин демография бөлүмүнүн башкы адиси Жанара Мааткулова “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, мындай көрүнүш 2000-жылдан бери байкалып келет. Мисалы, быйыл алгачкы беш айда былтыркы жылдын ошондой мезгилине караганда 606 балага көп төрөлдү:
- 2019-жылы январь-май айларында 70 миң 18 ымыркай төрөлдү. “2018-жылы бул көрсөткүч 69 миң 412 болгон.
Мааткулова белгилегендей, эркек балдар көбүрөөк төрөлүп жатат. Пайыздык көрсөткүч менен эсептегенде кыздар 48-49, ал эми эркек балдар 51-52%.
Кыргызстандын жалпы калкынын саны алты миллиондон ашуун адам. (ATo)