Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:08

Бакиевди мактаган тасма үчүн Шакиев менен Келдибеков УКМКга чакыртылды


Курманбек Бакиев.
Курманбек Бакиев.

Курманбек Бакиевди даңазалаган тасмаларды көрсөткөн эки телекомпаниянын жетекчилери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке чакыртылды.

Бул тууралуу 1-августта "Азаттык" радиосуна УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Асель Адылбек билдирди.

Анын айтымында, «New TV» жана «NUR TV» телерадиокомпанияларынын жетекчилери Шакиев Нурланбек Тургунбекович жана Келдибеков Бекболот Ахматбекович профилактикалык маекке чакырылды:

- Чагымчыл видеону жайылтууга жана коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге тыюу салынары тууралуу расмий эскертүү берилди. Алар түшүнүү менен карап, мындан ары андай кайталанбастыгына милдеттенме алышты.

Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. 2010-жылдын апрелинде элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн качып кеткен бойдон үй-бүлөсү менен Беларустун борбору Минск шаарында жашайт.

1-августта ал 70 жашка толду.

30-июлда «New TV» жана «NUR TV» телеканалдары аны жактап, 70 жылдыгы менен куттуктаган тасмаларды көрсөткөн.

Шакиев Бакиев президент болуп турганда анын басма сөз катчысы болгон. "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып ал "Бакиев жөнүндө тасмага тиешебиз жок, бирок аны көрсөтүүнү туура көрдүк. Саясий да, коммерциялык да максатыбыз жок" деп айткан.

УКМК бул боюнча 31-июлда оозеки эскертүү тараткан. (RK)

XS
SM
MD
LG