Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен «Азия Ньюс» гезитинин соту 6-августта уланмай болду.
Бүгүнкү соттук отрумда гезиттин өкүлү Аскар Медетов Жунушалиев сотко берген макала боюнча лингвистикалык экспертиза жүргүзүүнү суранып, судья аны канааттандырды.
Министр «Азия Ньюсту» 2019-жылдын 25-апрелинде чыккан №16 жана 16-майында жарык көргөн №19 сандарындагы макала, коллаждар үчүн сотко берген. Ал «гезиттеги материалдар ар-намысыма шек келтирди» деп, «Азия Ньюстан» 5 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүп жатат.
Гезиттин өкүлү жарыяланган макалада Жунушалиевдин ишмердигине байланыштуу талдоочулардын пикири камтылганын, ал эми коллаж журналистикадагы чыгармачылык экенин айтты.
Ушул эле гезит менен ИИМдин 7-башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Матмусаев да соттошуп жатканы белгилүү болду.
Матмусаев гезиттин быйылкы жылдын 16-майында ал тууралуу чыккан маалыматы боюнча сотко кайрылып, «Азия Ньюстан» 5 миллион сом өндүрүп берүүнү сураган. (BTo)