Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:09

Өкмөт: Кумтөр боюнча жаңы келишимде көпчүлүк төлөмдөрдү көбөйтүү каралууда


Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

Кыргыз өкмөтү менен канадалык “Центерра Голд” компаниясынын Кумтөр алтын кени боюнча жаңы стратегиялык келишиминде көпчүлүк багыттарда төлөмдөрдү көбөйтүү каралып жатат. Бул тууралуу 1-августта “Азаттык” радиосуна келишимге байланыштуу сүйлөшүүлөргө кыргыз тараптан жооптуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди

- Дээрлик бардык позициялар боюнча төлөмдөрдү көбөйтүп жатабыз. Анын ичинде экологиялык жана башкалар бар. Канчага көбөйөрүн азырынча айткан туура эмес. Себеби жаңы келишимге кол коюла элек, бирок азыркы каралып жаткан биздин варианттагы келишимде мурунку жетишкендиктерге кошумча каражат каралып жатат.

Боронов кошумчалагандай, "Центерра Голд" менен Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондун түзүү каралууда. Ал фонд аймактарда социалдык долбоорлорду каржылоо жаатында иш алып барышы керек болот.

Кумтөр боюнча Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү деп аталган стратегиялык келишимге 2017-жылы Сапар Исаков премьер-министр болуп турганда кол коюлган. "Центерра Голд" Айлана-чөйрөнү коргоо фондун түзүүгө 50 миллион доллар бөлүп, жыл сайын төлөнүүчү экологиялык төлөмдү 310 миңден 3 миллион долларга чейин көтөрүүгө макул болгон.

Жооп катары кыргыз өкмөтү "Центерра Голдго" каршы буга чейин берген бардык экологиялык доолорунан баш тартмак.

Бирок Сапар Исаков отставкага кеткен соң жаңы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бул келишимди өлкө кызыкчылыгына жооп бербейт деп жаңы сүйлөшүүлөрдү баштаган.

Эми бир жылдан ашык жүргөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында стратегиялык келишим жакын арада күчүнө кирери айтылууда.

31-июлда Абылгазиев кенди иштеткен "Центерра Голд" компаниясынын президенти Скотт Перри жана директорлор кеңешинин айрым мүчөлөрү менен жолукту. Анда экологиялык төлөмдөрдү көтөрүү, Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондун түзүү маселелери талкууланганы белгилүү болду. (BkA)

XS
SM
MD
LG