Орусиянын, Ирандын жана Түркиянын өкүлдөрү Сирия согушун токтотууга багытталган маселелерди талкуулоо үчүн Казакстандын борборуна эки күндүк жыйынга чогулду.
«Астана сүйлөшүүлөрү» деп аталган 13-сүйлөшүүнүн кезектеги айлампасында Сириянын Идлиб провинциясынын түндүк-батышындагы жана өлкөнүн түндүк-чыгышындагы кырдаал, ошондой эле Сириянын конституциялык комитетин түзүү башкы тема болмокчу.
Москва, Тегеран жана Анкара Сирия жаңжалында ар кайсы көз караштагы күчтөрдү колдойт. Ошол эле кезде үч мамлекет дээрлик тогуз жылга аяк баскан, 370 000 адамдын өмүрүн алган жана миллиондогон кишини жер которууга аргасыз кылган Сирия согушун толук токтотууга кызыкдар экендигин билдирип келишет.
Орусия менен Иран президент Башар Асадды жактаса, Түркия ар кайсы көтөрүлүшчүл топторду колдойт.