Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

Татарстанда эки киши ИМ тобун колдоого шектелип кармалды


Федералдык коопсуздук кызматы кармалгандардын жанынан жарылуучу заттар жана түзмөктөр табылганын билдирди.
Федералдык коопсуздук кызматы кармалгандардын жанынан жарылуучу заттар жана түзмөктөр табылганын билдирди.

Орусия Федерациясынын курамына кирген Татарстандын соту Руслан Шамсутдинов менен Илшат Зайнабутдиновду «Ислам мамлекетин» колдоого жана террордук аракет жасоого шектеп, эки айга камакка алды. Сот чечими 1-августта чыккан.

Бир күн мурда кармалган Шамсутдинов менен Зайнабутдинов «Терроризмди жайылтуу» жана «Террордук топко адамдарды тартуу» беренелери боюнча айыпталууда.

Федералдык коопсуздук кызматы алардын жанынан жарылуучу заттар жана түзмөктөр табылганын билдирди.

Буга чейин орус бийликтери «Ислам мамлекети» террордук тобунун катарында согушууну көздөп Сирия менен Иракка 2000дей жараны кеткенин билдирген.

XS
SM
MD
LG