Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:04

ЛГБТ-активист Елена Григорьеванын өлүмүнө шектүү катары башка адам кармалды


Елена Григорьеванын өлүмүнө шектүүнү табууну талап кылган адам.
Елена Григорьеванын өлүмүнө шектүүнү табууну талап кылган адам.

Санкт-Петербургдагы ЛГБТ-активист Елена Григорьеваны өлтүрүүгө шектүү катары кармалган адамдын бул кылмышка тиешеси жок экени аныкталды. Кыргызстанда туулган бул жаран тергөөдө кылмышты башка адам жасаганын айтып берген. Анын көрсөтмөсүнүн негизинде башка бир жаран кармалып, аталган кылмышты жасаганын толук мойнуна алган. Бул тууралуу Тергөө комитети 1-августта кабарлады.

“Тергөөчүлөр чогулткан маалыматта 21-22-июлда маркум биринчи шектүү менен спирт ичимдигин ичкен. Андан соң ал башка адам менен ичимдик ичүүнү уланткан, кийин ал киши активистти уруп-сабап, сегиз жолу бычак сайган” деп айтылат расмий маалыматта.

Тергөө комитети кылмышты мойнуна алган адамдын атын атаган жок. Маалыматта ал 1990-жылы туулган.

Активист Елена Григорьеванын сөөгү 20-июлда үйүнөн анча алыс эмес жерде табылган.

XS
SM
MD
LG