Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:03

Абдыкалык Рустамов менен анын жардамчысы эки айга камалды


Абдыкалык Рустамов.
Абдыкалык Рустамов.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов жана анын жардамчысынын бөгөт чарасын карап, эки айга камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу аталган соттон кабарлашты.

Рустамов менен анын жардамчысы 30-июлда 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы кабарлаган. Маалыматка караганда, алар чет элдик жарандан жер фондунан 5 гектар участок берүүдө оң чечим чыгарганы үчүн пара талап кылган.

Быйыл 22-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев буйрукка кол коюп, жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн бир катар жетекчиге, анын ичинде Рустамовго эскертүү берген.

Ал жетектеген мекеменин ишмердүүлүгүн Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу да иликтеп чыгып, бир катар сындар айтылган.

29-июлда Эсеп палатасынын инспектору бул агенттиктеги финансылык тартип бузууларды жашырган деген шек менен УКМКга камалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG