Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Алина Шаикова суракка барбаса Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага карата издөө жарыялайт.
Бул тууралуу бүгүн 2-августта “Азаттык” радиосуна мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Асель Адылбек билдирди. Анын айтымында, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Шаиковага адвокаты аркылуу бир нече жолу суракка чакыруу берилген:
- Эгер 5-августка чейин суракка келбей, тергөө амалдарына катышуудан баш тартса Жазык-процесстик кодекстин 239-беренесине ылайык Шаиковага издөө жарыяланат.
УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы учурда Мамкаттоонун, “Инфоком” ишканасынын, Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин кызмат адамдарына карата жаңы үлгүдөгү паспорт даярдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин тергеп жатат.
Мамкаттоонун төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынган. Ал эми Шаикова кызматтан кеткен. Ушу тапта Сарыбаев менен Абдуллаев үй камагында отурат. Бул чатакта УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун аты аталып, ал өз арызы менен кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. (RK)