Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:00

AFC кыргызстандык үч футболчуну өмүрүнүн аягына чейин оюндан четтетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Азия футбол конфедерациясынын (AFC) тартип жана этика комитети кыргызстандык үч футболчуну оюндарды сүйлөшүп ойногондугу үчүн өмүрүнүн аягына чейин футболдон четтетти.

Алар Бишкектин "Дордой" командасынын оюнчусу Курсантбек Шератов жана Оштун "Алай» футбол клубунун оюнчулары Ильяс Алимов менен Владимир Верёвкин. Мындан тышкары "Алайдын" катарында ойногон тажикстандык футболчу Абдулазиз Махкамовго карата да ушундай чечим кабыл алынды.

АФКнын тартип комитети билдиргенине караганда, алар клубдары 2017-2018-жылдары АФК Кубогуна катышып жаткан учурда манипуляция жасашкан.

Белгилей кетсек, эки команда тең АФК Кубогунун тайпалык тандоо оюндарынан чыга алган эмес. (GT)

XS
SM
MD
LG