Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылында жаңы футбол аянтчасы курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров аянтчанын ачылышына катышып, айыл элин куттуктады. Өз сөзүндө ал спорт тынчтыктын элчиси экенин белгилеп, жаңы аянтчанын ачылышы жаштардын спорт менен машыгып, достукту, ынтымакты бекемдөөгө салым кошорун айтты.
Облус жетекчиси футбол аянтчасынын орнотулушуна салым кошкон жаштарга жана быйыл 22-24-июлда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяда кырдаалды жөнгө салууга активдүү катышкан тургундарды "Ардак грамота" менен сыйлады.
Быйыл 13-мартта чек арада чыккан кезектеги жаңжалдан кийин Ак-Сай айылынын бир катар социалдык көйгөйлөрү айтылган. Анын ичинде жаштардын спорт менен машыгуусу үчүн шарттын жоктугу да белгиленген. Футбол аянтчасын куруп берүүнү саясий партиялардын бири колго алган. (JsA)