Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:54

Жээнбеков: Он жылда мигранттар Кыргызстанга 19 млрд доллар жөнөтүштү


Москва.
Москва.

Акыркы он жылда чет жакта эмгек мигранты болуп жүргөн кыргыз жарандары мекенине 19 млрд доллардан ашык каражат жөнөтүшкөн. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өткөн Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңештин алгачкы жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Президент бул көрсөткүчтү салыштырып, ошол эле он жылдык мезгилде жалпы Кыргызстандын экспорту 18 млрд доллар болгонун айтты:

- Ал эми өлкөбүзгө келип түшкөн түз чет элдик инвестициялардын көлөмү болгону 8,3 млрд долларды түздү. Башкача айтканда, сыртта эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин кошкон салымы биздин экспорт жана түз инвестиция тармагынан дагы жогору, - деди Жээнбеков.

Мамлект башчысы ар бир мигранттын акчалай которуусу курулуш, финансы, тигүү өндүрүшү, транспорт, байланыш, соода, тейлөө, айыл чарба жана башка тармактардын өнүгүшүнө түрткү болуп жатканын кошумчалады.

2018-жылы мекендештер жана жергиликтүү ишкерлер Кыргызстанда 6 млрд сомго түрдүү социалдык долбоорлорду ишке ашырышкан.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө чет жакта мигрант болуп жүрөт. Алардын көбү, 1 миллион 200 миңи Орусияда экенин "Азаттык" радиосуна элчи Аликбек Жекшенкулов билдирди. Элчинин айтымында, алардын 500 миңдейи орус жарандыгын алган.

Бүгүн Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңештин биринчи жыйыны өтүп жатат. Ага Орусия, Казакстан, Катар, Түштүк Корея, АКШ, Украина мамлекеттеринен жана Бириккен Араб Эмирликтеринен келген мекендештер катышууда. (SE)

XS
SM
MD
LG