Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:02

Роскомнадзор тажикстандык белгилүү сайтты жаап койду


“Азия-Плюс» маалымат агенттигинин интернет сайты.
“Азия-Плюс» маалымат агенттигинин интернет сайты.

Тажикстандагы “Азия-Плюс" маалымат агенттигинин сайты (news.tj) Орусияда ачылбай калды. Сайттын редактору Зебо Тожибоеванын «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна кабарлашынча, Орусиянын көзөмөл мекемеси Роскомнадзор 26-июлда жаап койгон.

Алар былтыр Тажикстандын Согди облусунда өз жанын кыйган кыз жөнүндөгү жаңылыкта “суицидди пропагандалоонун элементтери бар” деп тапкан.

Зебо Тожибоева Роскомнадзор көрсөткөн маалымат өчкөнү тууралуу маалымат жиберишкенин, эми сайт иштей баштайт деп үмүт кылып жатканын билдирди.

Ошол эле кезде сайт Тажикстандын өзүндө да жакшы ачылбай жатканы кабарланууда, азырынча анын себептери белгисиз.

«Азия-Плюс» маалымат агенттиги 1996-жылдан бери иштеп келет жана анын Интернет сайты Тажикстандагы алдыңкы маалымат порталы болуп саналат. Алар жаңылыктарын тажик, орус жана англис тилинде жарыялайт.

XS
SM
MD
LG