Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:08

Стамбулда мыйзамсыз жүргөн 15 миңдей мигрант депортацияланды


Түркия.
Түркия.

Түркиянын Стамбул шаарында мыйзамсыз жүргөн 15 миңден ашык мигрант депортацияланды. Бул тууралуу Стамбул губернаторлугунун сайты кабарлады.

Мекеме тараткан маалыматта 12-31-июль аралыгында шаарда атайын текшерүү болгону, натыйжада 15 миңден ашык мыйзамсыз иштеп жүргөн мигрант кармалганы жазылды.

Жалпысынан фабрика жана башка ишканалар, чет өлкөлүктөр жыш жашаган райондор текшерилген.

Депортацияланган мигранттардын арасында кыргызстандыктар бар-жогу тууралуу так маалымат азырынча жок.

Текшерүүлөр 25-августка чейин уланат.

2018-жылдын расмий статистикасы боюнча Стамбул шаарында 522 миңден ашык чет өлкөлүк жаран катталган.

Ал эми жалпы Түркияда расмий 25 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенет. (ElB)

XS
SM
MD
LG