Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулганына байланыштуу иликтенип жаткан иш боюнча Ички иштер министрлигине Сергей Слесаров аттуу жарандан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди "суракка чакыруу жана укуктук талаага кайтуу" жөнүндө кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу аталган министрликтин сайты жазды.
Ички иштер министрлиги Слесаревдин катына жооп берип, иликтенип жаткан материалда Алмазбек Атамбаевде кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулганы боюнча маалыматы болгонуна жетиштүү далилдер бар экенин билдирет. Ага ылайык, Тергөө кызматы тарабынан күбө катары сурак берүүгө бир нече жолу чакыртылган.
Ички иштер министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Жазык-процессуалдык кодексинин 82-беренеси (Алгачкы текшерүү органы, тергөөчү, прокурор сот иши үчүн мааниси бар жагдайлардын болгонун же болбогонун аныктайт жана мыйзамда белгиленген тартипте алынган маалыматтар далилдер болуп саналат) жана 84-беренесине (Күбө ишке тиешелүү бардык жагдайлар, анын ичинде шектүүнүн, айыпталуучунун, жабырлануучунун жана башка күбөлөр менен болгон өз ара мамилелери жөнүндө суракка алынышы мүмкүн) ылайык, суракка чакырылып жатканын белгилеген.
Билдирүүдө мурдагы президент өзүнүн укуктарын мыйзамдын талабына ылайык коргоп, өзүнө өзү каршы көрсөтмө бергенден баш тартууга укуктуу экени айтылат.
Ал эми Сергей Слесаревдин укуктук талаага кайтуу боюнча кайрылуусуна “Тергөө кызматына Слесарев Атамбаевдин расмий өкүлү же адвокаты экенин тастыктаган документ көрсөткөн эмес” деп жооп берип, жактоочунун өзүн укуктук талаага кайтууга чакырган.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин юридикалык өкүлү Сергей Слесарев 11-июлда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына кат жолдогон. Анда Слесарев Атамбаевдин эмне себептен суракка барбай жатканын түшүндүргөн. Ал Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыратуу боюнча парламенттин чечими мыйзамсыз экенин билдирип жатат. Бул тууралуу мурдагы президенттин тарапкерлери билдиришти.
ИИМдин Тергөө кызматы 8-июлдан бери Алмазбек Атамбаевди эки жолу күбө катары суракка чакырып, бирок ал экөөндө тең баруудан баш тарткан.
Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу быйыл жыл башында жанданган кылмыш ишин иликтеп жатат.
Атамбаев кол тийбестиктен Жогорку Кеңештин 27-июндагы чечими менен ажыраган. Аны утурлай башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте маалымат берип жатып, Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотууга жеке өзү тапшырма бергенин айткан. (TSh)