Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Навалныйга миллиард рублди кымырган деген шек менен кылмыш иши козголду


Орусиянын Тергөө комитети тарабынан Коррупция менен күрөшүү фондуна каршы “кимдир бирөөлөрдүн кылмыш жолу менен табылган каражаттарына каржылык операция кылган” деп кылмыш иши козголду.

Мекеменин сайтында, Ички иштер министрлигине түшкөн кылмыш иштин материалында "Коррупция менен күрөшүү фонду миллиард рублге жакын каражатты адалдаган" деп кабарланат.

Тергөөнүн маалыматында, “2016-жылдын январь айынан баштап, 2018-жылдын декабрь айына чейин Коррупцияга каршы фонд деп аталган коммерциялык эмес уюмга байланышы бар кишилер жана фонддун кызматкерлери ири суммадагы каражаттарды рубль жана чет өлкөлүк валюта менен алышкан. Акчаны алар "Cash-in жана Recycling банкоматтары аркылуу жана Москвадагы бир нече банктагы эсептеринен чыгарып кеткен” деп айтылат.

Тергөө комитети бул аракеттерге катышкандарды аныктоо иш-чаралары жүрүп жатканын билдирди. Бул берене менен айыпталгандарга жети жылга чейин эркинен ажыратуу каралат.

Буга чейин Коррупцияга каршы фондунун кызматкерлерине иш козголо турганын “Проект” басылмасы кабарлаган. Андагы маалыматта, полиция Алексей Навальныйдын, анын штабынын башчысы Леонид Волковдун, фонддун мурдагы директору Роман Навальныйдын жана бир нече кызматкердин банк эсептерин текшерүүгө алган.

Леонид Волков бул боюнча пикирин айтып, аны укук когоо органдары “арам акчаны адалдоого” айыптагысы келип жатканын билдирген. Фондду колдоого келген акча анын банк эсеби аркылуу алынганын белгилеген Волков бийлик ушундай ыкма менен Навальныйдын аймактагы штабдарын каржылоодон ажыраткысы келип жатат деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG