Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:35

Солтон-Сарыда чыр чыкты


Нарындагы Солтон-Сарыдагы кен иштеткен компаниянын өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыкты.

Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Улан Аалиев билдирди.

Анын айтымында, окуя бүгүн, 3-августта түштөн кийин болгон.

Мас абалындагы Оттук айылынын эки тургуну кен иштетүүчү комбинаттын ичине кирип барган. Ортодо келишпестик чыгып эки тарап уруша кеткен. Натыйжада Оттук айылынын тургундары токмок жеген. Учурда 12 кытай Нарын райондук ички иштер бөлүмүндө суралып жатат. Оттук айылынын тургундары да суракка чакырылган.

25-июлда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Солтон-Сары кенин иштетип жаткан кытайлык “Jhong ji Mining” компаниясынын ишинде кемчиликтер бар экенин айтып, аларды оңдоо үчүн эскертүү берилгенин жергиликтүү тургундар менен жолукканда билдирген.

Буга чейин кой-козу жапырт кырылып жатканы айтылган Нарындын Солтон-Сары жайлоосундагы суу жана топурак алгачкы жолу текшерүүдө таза чыккан.

Кийин тургундардын кайрылуусунан кийин экинчи жолу текшерүүгө жиберилген. (MiK)

XS
SM
MD
LG