Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

Москвада кармалгандардын саны 600дөн ашты


Москвада шаардык думага шайлоого катыша албай калган талапкерлерди колдогон акцияда кармалгандардын саны 685тен ашты.

Бул тууралуу “ОВД-Инфо” порталы маалымдады.

"Азаттыктын" орус кызматынын Москванын борборунан түз көрсөтүп жаткан кабарчысынын маалыматында, көбүнчө кармоолор Пушкинский менен Трубной аянттарында болду. Бүгүнкү акция сейилдөө форматында өтүп жаткандыктан бульвардан да кишилерди кармап кетти.

Макулдашылбаган акциянын катышуучуларынан сырткары өзүн тактаган күбөлүгү бар массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да кармалды.

Укук коргоочулар Кыйноого каршы комитеттин жетекчиси Игор Каляпин, шаардык думага талапкер Сергей Цукасов, “Аркадий Коц” группасынын ырчысы Кирилл Медведев жана бир нече муниципалдык депутаттар кармалганын кабарлашты. Белгилүү актер Александр Паль дагы кармалган.

Бир нече киши уруп-согуу болгонуна даттанышты. Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Александр Свидерский “ОВД-Инфо” порталына автозакта атайлап бөйрөккө соккулашканын айтып берген. Дмитрий Михайлов аттуу кармалган жарандын көз айнегин сындырып салышкан.

27-июлда Москвада шаардык думага шайлоого катыша албай калган талапкерлерди колдогон акция өткөн. Полиция ага 3,5 миңдей адам катышканын кабарлаган. Митингге чыккандарды кууп таратуу маалында миңден ашык адам кармалган. ИИМ 1074 киши кармалганын айтса, “ОВД-Инфо” порталы кармалгандардын саны 1400гө жете турганын билдирген. Алардын 150дөйү эки күнгө камалган.

Белгилей кетсек, Москва шаардык думасына болгон шайлоого талапкер катары чыккан Дмитрий Гудковду, Любовь Соболду, Илья Яшинди, Константин Янкаускасты, Иван Ждановду, Юлия Галяминаны, Елена Русакованы жана бир катар башка талапкерлерди шайлоо комиссиясы каттоодон баш тарткан.

Москва шаардык шайлоо комиссиясы графологиялык экспертизанын бүтүмдөрүнө таянуу менен “Алардын кол белгилери жасалма болуп калган. Андан тышкары так маалыматтары айкын эмес”, - деп талапкер катары каттоодон баш тарткан. Талапкерлер “Экспертиза өзү компетенттүү эмес жасалма болгон, ал эми биз чыныгы документтерге кол койгонбуз”, - деп жатышат.

XS
SM
MD
LG