Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

Москвадагы митингде кармалгандардын саны 800дөн ашты


3-августта Москвада шаардык думага шайлоого катыша албай калган талапкерлерди колдогон акцияда кармалгандардын саны 800дөн ашты.

Бул тууралуу “ОВД-Инфо” порталы маалымдады.

"Азаттыктын" орус кызматынын кабарчысынын маалыматына ылайык, адамдардын басымдуу бөлүгү Пушкин жана Трубной аянттарында кармалышкан.

Макулдашылбаган акциянын катышуучуларынан сырткары күбөлүгү бар журналисттер да кармалды.

Укук коргоочулар Кыйноого каршы комитеттин жетекчиси Игор Каляпин, шаардык думага талапкер Сергей Цукасов, “Аркадий Коц” тобунун ырчысы Кирилл Медведев жана бир нече муниципалдык депутат кармалганын кабарлашты. Белгилүү актер Александр Паль да кармалган.

Бир нече киши милициянын зомбулугуна дуушар болгонун айтышты. Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Александр Свидерский автозакта бөйрөккө соккулашканын “ОВД-Инфо” порталына айтып берген. Дмитрий Михайлов аттуу адамдын көз айнегин сындырып салышкан.

27-июлда Москвада шаардык думага шайлоого катыша албай калган талапкерлерди колдогон акция өткөн. Полиция ага 3,5 миңдей адам катышканын кабарлаган. Митингге чыккандарды кууп таратуу маалында миңден ашык адам кармалган. ИИМ 1074 киши кармалганын айтса, “ОВД-Инфо” порталы кармалгандардын саны 1400гө жете турганын билдирген. Алардын 150дөйү эки күнгө камалган.

Москва шаардык думасына болгон шайлоого талапкер катары чыккан Дмитрий Гудковду, Любовь Соболду, Илья Яшинди, Константин Янкаускасты, Иван Ждановду, Юлия Галяминаны, Елена Русакованы жана бир катар башка талапкерлерди шайлоо комиссиясы каттоодон баш тарткан.

Москва шаардык шайлоо комиссиясы графологиялык экспертизанын бүтүмдөрүнө таянуу менен “Алардын кол белгилери жасалма болуп калган. Андан тышкары так маалыматтары айкын эмес”, - деп талапкер катары каттоодон баш тарткан. Талапкерлер “Экспертиза өзү компетенттүү эмес, жасалма болгон, ал эми биз чыныгы документтерге кол койгонбуз”, - деп жатышат.

XS
SM
MD
LG