Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Муфтий ажылык сапарын уюштуруу штабына барды


Муфтий Максатбек Токтомушев ажылык сапарын уюштуруу штабында болду. Муфтий штабдын кызматкерлерине Сауд Арабиясынын Ажылык министрлиги койгон талаптар аткарылып, ажылык сапардын эрежелери зыяратчыларга түшүндүрүлүшү керектигин белгиледи.

Муфтий ажыга баргандардын коопсуздугуна көңүл бурулуп, аларга жолдо жүрүү эрежелери, Мина өрөөнүндө өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүшү керектигин айтты. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Сауд Арабиясы 2019-жылы ажылыкка барыш үчүн кыргызстандыктарга 6010 орун бөлгөн. Бул былтыркыдан 500 орунга көп. Зыяраттын баасы бир кишиге 3000 доллар болду. (TSh)

XS
SM
MD
LG