Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев 9-августта Чолпон-Ата шаарында өтө турган Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) өкмөт аралык кеңешине катышат. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн сайты жазды.
Ал жолугушууда Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагындагы актуалдуу маселелер талкууланат. Айрыкча санарип экономика жана өндүрүш тууралуу темалар күн тартибине коюлат.
ЕАЭБди түзүү боюнча келишимге 2014-жылы 29-майда мурдагы Астана, азыркы Нур-Султан шаарында кол коюлган. Кыргызстан 2015-жылы Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения кирген Евразиялык Экономикалык Биримдигине кошулган. (TSh)