Кыргызстанда 6-августтан 9-августка чейин күн катуу ысыйт. Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө абанын табы 38…40 градуска чейин, Талас өрөөнүндө 36…38 градуска чейин жогорулайт.
5-августта батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38;
Таласта түнкүсүн 13…18, күндүз 31…36;
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39;
Баткенде түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;
Нарында түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32 градуска чейин ысыйт.
Бишкекте 4-5-августтарда жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 36…38 градус болот.