Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Дейтон шаарындагы кол салуудан тогуз киши өлдү


АКШнын Огайо штатындагы Дейтон шаарында кол салуудан тогуз киши набыт болду. Ок аткан кишини полиция кызматкерлери өлтүрдү. 16 адам жараат алып ооруканага жаткырылды.

Кылмышка шектүү шаардагы түнкү клубдар жайгашкан көчөдө ок аткан. Кол салуунун себептери азырынча белгисиз.

3-августта Эль-Пасо шаарындагы "Walmart" дүкөнүнүн жанындагы куралдуу кол салуудан каза болгондордун саны жыйырмага жетип, дагы жыйырмага жакын адам жараат алды. CNN каналы Федералдык чалгындоо кызматындагы (ФБР) булагына таянып, кандуу окуя теракт катары иликтенип жатканын маалымдады.

Шектүү катары кармалган 21 жаштагы Патрик Крузиус кылмыш жасаардын алдында социалдык тармактарга расисттик көз караштагы "манифест" жарыялаганы иликтенип жатат. Анда "кол салуу Техаска латын америкалыктардын басып кирүүсүнө жооп болот жана Жаңы Зеландиядагы эки мечитте 51 кишини өлтүрдү деп айыпталган австралиялык Брентон Таррант колдоо максатын көздөйт” деп жазылган.

Шектүү камакка алынды. Бийлик комментарий бере элек. Бирок Эль-Пасо полициясынын башчысы "кылмыш жек көрүүнүн негизинде жасалган" деген версия иликтенип жатканын айтты.

АКШ кол салууну айыптады. Мексика бийлиги өлгөндөрдүн үчөө алардын жараны экенин тастыктады. Кылмышка шектүү дүкөндөгү 3 миңден ашык кишини Калашников куралы менен аткылаган.

XS
SM
MD
LG