Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Чымкентте саясий туткундарды бошотууну талап кылган акция өттү


4-августта Казакстандын Чымкент шаарында "Казатомпром” компаниясынын мурдагы жетекчиси Муктар Жакишевди бошотуу талабы менен отуз чакты киши акцияга чыгышты. Нааразылык акциясына чыккандар “Жакишевге боштондук” деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушту.

Акциянын катышуучулары башка саясий туткундарды да абактан бошотууну, сөз эркиндигин талап кылып, тынч митингдерге чогулууга тыюу салынбашы керектигин айтышты. Чогулгандар бир сааттан кийин тарап кетишти.

Окуяга жергиликтүү бийликтин кызматкерлери көз салып турду. "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысынын айтымында, акцияда эч ким кармалган жок. Бул ушул жумада Чымкентте Жакишевди колдогон экинчи акция болуп калды.

Ушул эле күнү Ак-Моло айылында жыйырмадай адам саясий туткундарды бошотуу талабы менен акция өткөрүштү.

Казакстанда Семей шаардык соту 24-июлда "Казатомпром” компаниясынын мурдагы жетекчиси Муктар Жакишевди мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу тууралуу өтүнүчтү канааттандырган эмес. Жакишев 2009-жылы коррупция боюнча айыпталып, камакка алынган. Сот аны ошол жылы 14 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Семей шаардык соту 2018-жылы да Жакишевди мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу тууралуу өтүнүчтү четке каккан.

Муктар Жакишевдин жактоочулары ал мурдагы банкир, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин негизги саясий душманы, бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязов менен дос болгону үчүн гана камалганын айтып келишет.

Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Жакишевди "саясий туткун" деп тааныган жана казак бийлигин аны абактан бошотууга чакырган. Казак бийлиги өлкөдө саясий негизде камалгандар жок экенин айтып келет.

XS
SM
MD
LG