Бишкектин Дордой конушундагы жеке менчик үйлөрдүн жанында курулган кампада чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу окуя болгон жерден "Азаттык" радиосунун кабарчысы кабарлады. Жалынды өрт өчүрүү мекемесинин кызматкерлери өчүргөн.
Кабарчыбыздын маалыматына караганда, өрттөн турмуш-тиричилик техникалары сакталган эки кампа зыян тарткан. Учурда өрт эмнеден улам чыкканы белгисиз.
Бишкектин түндүк тарабындагы бул конуш "Дордой" базарына канатташ жайгашкан. (ZA/TSh)