Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:38

Германия Москвада митингчилердин кармалышын сындады


3-августта Москвадагы нааразылык акциясында 1000дей адам кармалган.
3-августта Москвадагы нааразылык акциясында 1000дей адам кармалган.

Германия Москвадагы уруксат берилбеген митингде миңден ашык адамдын кармалышын сындады. Берлиндин көз карашында тынч жыйынга чыккандарды кармоо анын мүнөзүнө карама-каршы келет.

«Тынч чогулууга жана оюн эркин билдирүүгө кепилденген укукка каршы аракеттенүү Орусиянын эл аралык милдеттемелерин бузат. Ошондой эле бул адамдардын эркин жана адилет шайлоого карата укугуна дароо күмөн саноону жаратат», - деп айтылат Германиянын Тышкы иштер министрлигинин 4-августта тараткан билдирүүсүндө.

Министрлик «кармалгандарды тезинен бошотууну» жана «юридикалык талаптарга жооп берген көз карандысыз талапкерлерди сентябрда боло турган шайлоого катыштырууну» күтө турганын кошумчалаган.

“ОВД-Инфо” порталы маалымдагандай, 3-августта Москвада шаардык думага шайлоого катыша албай калган талапкерлерди колдогон акцияда кармалгандардын саны 1001 адам болгон. Ал эми андан бир жума мурдагы, 27-июлдагы ушундай эле митингде 1300дөн ашык адам кармалган.

Акциядагы кармоолорду адам укугун коргоочу эл аралык уюмдар, Европа Биримдиги, Кошмо Штаттар жана башка Батыш мамлекеттери сындап, тынч жыйынга чогулган адамдарга күч колдонуу орунсуз экенин белгилешкен.

Москва шаардык думасына болгон шайлоого талапкер катары чыккан Дмитрий Гудковду, Любовь Соболду, Илья Яшинди, Константин Янкаускасты, Иван Ждановду, Юлия Галяминаны, Елена Русакованы жана бир катар башка талапкерлерди шайлоо комиссиясы каттоодон баш тарткан.

Москва шаардык шайлоо комиссиясы графологиялык экспертизанын бүтүмдөрүнө таянуу менен “Алардын кол белгилери жасалма болуп калган. Андан тышкары так маалыматтары айкын эмес”, - деп талапкер катары каттоодон баш тарткан. Талапкерлер “Экспертиза өзү компетенттүү эмес, жасалма болгон, ал эми биз чыныгы документтерге кол койгонбуз”, - деп жатышат.

Москванын шаардык кеңешине шайлоо 8-сентябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG