Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Алина Шаикова 5-августка чейин суракка келбей, тергөө амалдарына катышуудан баш тартса ага издөө жарыялана турганын маалымдаган.
УКМК мындай маалыматты 2-августта жарыялаган. УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Шаикова адвокаты аркылуу бир нече жолу суракка чакырылганын билдирген.
УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы учурда Мамкаттоонун, «Инфоком» ишканасынын, Мамлекеттик сатып алуу департаментинин кызмат адамдарына карата жаңы үлгүдөгү паспорт даярдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин тергеп жатат.
Мамкаттоонун төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынган. Ал эми Шаикова кызматтан кеткен. Ушу тапта Сарыбаев менен Абдуллаев үй камагында отурат. Бул чатакта УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун аты аталып, ал өз арызы менен кызматтан кеткен. (TSh)