Кыргызстанда быйылкы жылдын биринчи жарымында салык пландан аз чогулду. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Мамлекеттик салык кызматында өтүп жаткан жыйында айтылды.
Мекеменин ишин жана пландарын талкуулоого арналган жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышууда.
Быйыл алгачкы алты айда 38 миллиард 238 миллион сом салык жана төлөм чогултулганы айтылды. План 96,2 пайызга аткарылып, салык пландалгандан 1,5 миллиард сомго аз жыйналган.
Бирок бул көрсөткүч былтыркы жылдын биринчи жарымына салыштырганда 725 миллион сомго көп.
Жыйында айтылгандай, болжолдуу көрсөткүчтөрдү бир катар аймактык салык органдары аткарган жок. Алар - Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгы, Ысык-Ата, Панфилов, Ноокен, Токтогул райондору жана Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Балыкчы шаарлары. (BTo)