Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:06

УКМК Алина Шаиковага издөө жарыялады


Алина Шаикова.
Алина Шаикова.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Алина Шаиковага издөө жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, Шаикова суракка жана башка тергөө иш-чараларын жүргүзүш үчүн жиберилген чакырууга келбей койду.

- Буга байланыштуу Башкы прокуратура Шаиковага карата Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча кылмышка шектүү деген билдирмесин жөнөтүп, Жазык-процесстик кодексинин 239-беренесине ылайык ага издөө жарыяланып, аны ишке ашыруу УКМКнын ыкчам бөлүмүнө тапшырылды, - деди ал.

Шаикова суракка барбаса издөө жарыяланарын УКМК 2-августта эскерткен.

УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы жаңы үлгүдөгү паспорт даярдоодогу коррупция боюнча учурда Мамкаттоонун, «Инфоком» ишканасынын, Мамлекеттик сатып алуу департаментинин кызмат адамдарына карата козголгон кылмыш ишин тергеп жатат.

Мамкаттоонун төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынган. Ал эми Шаикова кызматтан кеткен. Ушу тапта Сарыбаев менен Абдуллаев үй камагында отурат. Бул чатакта УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун аты аталып, ал өз арызы менен кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG