Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:45

ӨКМ: «Дордойдо» чыккан өрттөн адам жабыркаган жок


Бишкектин Дордой конушундагы өрт.
Бишкектин Дордой конушундагы өрт.

«Дордой» базарынын жанындагы кампадан чыккан өрттөн адам өмүрүнө зыян тийген жок. Бул тууралуу 5-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 4-августта кечинде Свердлов районуна караштуу Дордой-1 конушунун 9-көчөсүндө болгон. Үй-тиричилик техникасы сакталган кампадан өрт чыккан.

Өрттүн кесепетинен жалпы аянты болжол менен 1700 чарчы метрди түзгөн темирден курулган кампа толугу менен күйүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, соңку бир суткада Кыргызстанда 44 өрт кырсыгы катталды. (RK)

XS
SM
MD
LG