Баткенде жаш мамлекеттик кызматкерлер менен депутаттар кошумча билим алышты. Үч күн катары менен Баткен облусунун бардык район-шаарларынан жергиликтүү кеңештин жаңыдан иштей баштаган депутаттары жана мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер атайын тренингге катышты.
Уюштуруучулардын айтымында, тренинг оратордук жана лидерлик сапаттарды өркүндөтүү, кесиптик тажрыйбаны кеңейтүү максатында уюштурулду.
Жалпысынан 40 адам катышкан иш-чараны «Тынчтык демилгелери» коомдук бирикмеси «Демократиянын улуттук борбору» эл аралык фондунун «Тынчтык демилгелеринде, радикализм менен экстремизмдин алдын алууда Баткен облусунун жаштарынын ролун күчөтүү» долбоорунун алкагында уюштурду.
Баткен облусу үч райондон жана үч шаардан турат. Облустун аймагында коңшу республикалардын анклавдары бар. (JsA)