Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Кафе-ресторандарга карата салык саясатын өзгөртүү сунуш кылынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ресторан, кафе сыяктуу тейлөө жайларына карата салык саясатын өзгөртүүнү сунуш кылды. Ал мындай пикирин бүгүн, 5-августта Мамлекеттик салык кызматында өткөн жыйында билдирди.

Өкмөт башчы Кыргызстандагы 2145 ири бизнес бюджеттин 78 пайызын көтөрүп жатканын, ал эми тейлөө тармагы патент менен иштеп келатканын сындады:

- Өлкөдө 247 миң салык төлөөчү бар. Ошонун 2145и чоң бизнестегилер. 2323ү орто бизнес. Ал эми 242 миңи кичи бизнес. Алар - тейлөө, соода түйүндөрү, ресторан, кафе жана ушул багытта иштегендер. Карап көрсөк 2145 ири бизнес бюджеттин 78 пайызын көтөрүп жатат. 242 миң кичи бизнес төлөгөн салык болгону алты пайыз. Ушуну оңдош керек.

Абылгазиев учурда кээ бир ресторандардын тапкан кирешеси айрым ишканалардыкынан ашып түшөрүн, бирок алар патент жана салыктык келишим менен иштеп, аз салык төлөп жатканын кошумчалады.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев патент системасынан кетүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын, тиешелүү мыйзам долбоорлору өкмөткө жана парламентке сунушталарын билдирди. (BTo)

Кафе-ресторандардын салыгын көтөрүү сунушталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:06 0:00

XS
SM
MD
LG