Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:11

АКШ аза күтүп жатат


АКШнын туусу.
АКШнын туусу.

АКШнын президенти Дональд Трамп Техас жана Огайо штаттарындагы куралдуу кол салуудан курман болгондорду эскерип Ак үйдөгүдөн баштап бардык мекемелердеги жана чет өлкөлөрдөгү Кошмо Штаттарга таандык жайлардагы желектерди түшүрүү тууралуу буйрук берди.

Дональд Трамп кол салууну айыптады жана «биздин өлкөдө жек көрүүгө жол берилбейт» деп эскертти.

Трамп 4-августта Нью-Жерси штатында журналисттердин суроолоруна жооп бери жатып куралдуу кол салууга байланыштуу маселени чечүүнүн жолдорун караштырып жатканын айтты. Ошондой эле ал 5-августта буга байланыштуу атайын билдирүү жасай турганын билдирди.

Ушул дем алыш күндөрү Техас штатынын Эл-Пасо шаарындагы «Walmart» дүкөнүнүн жанында жана Огайо штатында Дейтон шаарында 13 сааттын ичинде эки башка куралдуу кол салуу болуп, анын айынан 29 адам өлүп, ондогон адам жарадар болду.

Эл-Пасодо ок аткан адамды полиция кол түшүргөнгө чейин ал 20 адамды атып өлтүрүп, ондогон адамды жарадар кылды. Прокурорлор ал мындай кадамга «рассалык жек көрүүдөн» улам барышы мүмкүн деп билдиришти жана бул окуяны «ички терроризм» деп сыпатташты. Ал эми Дейтондогу жайкын тургундарга кол салган адам эмнени көздөгөнү азырынча белгисиз, ал колго түшүрүү учурунда атып өлтүрүлдү.

АКШда жыл башынан бери ушуну менен 22 куралдуу кол салуу болду.

XS
SM
MD
LG