Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:22

Дайынсыз болуп жаткан орусиялык альпинисттин сөөгү табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чоң-Алайда тогуз күндөн бери дайыны билинбей жаткан орусиялык альпинисттин сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Абдыманап Дыйканов билдирди:

- 4-августта ӨКМдин 10 куткаруучусу, «Ак-Сай трэвл» туристтик компаниясынын алты альпинисти тартылып, 6200 метр бийиктиктен туристтин сөөгүн табышкан. 4400 метрдеги биринчи лагерге алып түшүшкөн. Бүгүн базалык лагерге алып түшүүдө.

45 жаштагы орус жараны акыркы жолу 27-июлда байланышка чыккан. Ал Ленин чокусунан түшүп жатып, 5000 метр бийиктикке келгенде байланышкан. Ошо бойдон дайынсыз болуп жаткан. (RK)

XS
SM
MD
LG