Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Ырчы жана композитор Вилли Токарев каза болду

Вилли Токарев.
Вилли Токарев.

4-августта Орусиянын Москва шаарындагы ооруканалардын биринде ырчы жана шансон жанрындагы ырлардын автору, композитор Вилли (Вилен) Токарев каза болду. Ал 84 жашта эле.

Токарев 1934-жылы Түндүк Кавказда туулган жана музыкалык карьерасы Советтер Cоюзунда башталган.

Токарев 1974-жылы АКШга эмиграцияга кеткен жана 1970-жылдардын аягында, 1980-жылдардын башында атагы чыккан, Нью-Йорктогу орус тилдүү адамдардын жашоосуна негизделген ырлардан турган бир канча пластинка чыгарган.

Ал 15 жылдай эмиграцияда жүрүп, 1989-жылы Орусияга келген. Бир жылдан кийин АКШдан Москвага биротоло көчүп келген.

XS
SM
MD
LG