Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 00:04

Сеул менен Вашингтон Пхеньяндын каршылыгына карабай машыгуу өткөрөт


Түштүк Кореядагы америкалык аскер. Иллюстрациялык сүрөт.

Түштүк Кореянын аскер жетекчилери АКШ менен чогуу машыгуу башталарын билдиришти. Мунун алдында Түндүк Корея эгер мындай машыгуу өтөт турган болсо Пхеньян менен Вашингтондун сүйлөшүүлөрү үзгүлтүккө учурайт деп эскерткен эле.

Түштүк Кореянын коргоо министри 5-августта биргелешкен машыгуунун башкы максаты Корей жарым аралында кокус согуш чыгып кетсе, кырдаалды Вашингтондон ыкчам башкарууга даярдык көрүү болорун ырастады.

Сеул менен Вашингтондун ортосундагы азыркы коопсуздук келишимине ылайык, кокус согуш чыгып кетсе Куралдуу күчтөрдү башкаруу АКШга берилген. Түштүк Корея көптөн бери эле бул шарт-талапты өзгөртүүгө аракет кылып келе жатат.

Биргелешкен машыгуунун алдында Пхеньян кыска жана ортоңку аралыктагы ракеталарын сынаган жана анын максаты Түштүк Кореяга эскертүү экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG