Алмаз Оңолбеков ээлеген кызматынан кетти. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун 5-августта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Ал төрагалык кызматтан берген арызына байланыштуу бошотулганы расмий айтылды.
Оңолбеков бул орунга 2018-жылдын май айында дайындалган.
Ушул эле күнү Мамлекеттик бажы кызматынын башчылыгына Алтынбек Торутаев дайындалды.
42 жаштагы Торутаев буга чейин ушул эле мекемеде жетекчинин орун басары болчу. (RK)