Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:27

«Кызыл кхмерлердин» лидерлеринин бири Нуон Чеа каза болду


Нуон Чеа сот залында. 2018-жыл, 16-ноябрь.
Нуон Чеа сот залында. 2018-жыл, 16-ноябрь.

Камбоджада «кызыл кхмерлердин» бийлигинин тушундагы эң таасирлүү адамдардын бири болгон Нуон Чеа каза болду. 94 жаштагы аскер кылмышкери Баттамбаң провинциясындагы түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан.

Былтыр «кызыл кхмерлердин» бийлигине алгачкы жолу геноцид тууралуу айып коюлган. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) колдоосу менен түзүлгөн атайын сот Нуон Чеа менен Кхиеу Сампханды «вьетнамдыктарга жана чам мусулман азчылыгынын өкүлдөрүнө каршы тукум курут саясатын жүргүзгөн, согуш кылмыштарын, адамзатка каршы кылмыш кылган» деп тапкан. Экөө тең экинчи жолу өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө кесилген.

Мындай өкүмгө чейин алар бийликте турганда «адамдардын күчкө салып көчүрүлүшүнө жана жапырт дайынсыз жоголушуна» байланыштуу соттолгон болчу.

Камбоджада өлүм жазасы жок. Чеа менен Сампхан саясий жүйөдөн улам куугунтукталып жатканын айтышкан.

1975-1979-жылдары Пол Пот жетекчилик кылган «кызыл кхмерлердин» режиминин тушунда Камбоджада эки миллионго жакын жаран ажал тапкан. Айрым бир булактарда зордук-зомбулуктун, кыйноонун айынан кырылган адамдардын саны үч миллионго чукул экени айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG