5-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту «Коррупция», «Салыктан качуу» жана «Документтерди жасалмалоо» беренелери менен айыпталып жаткан 13 киши боюнча өкүм чыгарды.
Өкүмгө ылайык, Замирбек Ниязалиев, Кубанычбек Кумашов, Арстанбек Мелсов, Эсенгул Кенжебаев, Айнура Байгазиева, Медетбек Рыскулов жана Максатбек Бекиров 11 жылга кесилди. Дилбара Боронбаева менен Баязит Азизбеков 14 жылга эркинен ажыратылды. Алмазбек Сагынбековго 13 жыл белгиленди. Султан Сабырбек уулу төрт жылга кесилип, сот залынан камакка алынды. Алишер Ишматовго үч жылдык жаза мөөнөтү берилди. Булардын жаза мөөнөтү кармалган күндөн баштап эсептелет. 13 кишинин арасынан Арзыгул Омеркуловдун күнөөсү жок деп табылып, акталды.
Тергөө учурундагы айыпталгандардын үй-мүлкү камакка алынган чечим өзгөртүлгөн жок. Азизбековдон, Мэлсовдон, Сагынбековдон, Кумашовдон, Боронбаевадан, Кенжебаевден, Байгазиевадан, Бекировдон, Рыскуловдон, Ниязалиевден жана Сабырбек уулунан материалдык чыгым катары 310 млн. 281 147 сом мамлекеттин пайдасына чегерилсин деген чечим чыкты. Ошондой эле чечим менен Азизбеков менен Ишматовдон 239 млн. 183 598 сом мамлекеттин пайдасына чегерилмекчи.
22-мартта сотто мурунку салык кызматкери Дилбара Боронбаева, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Ниязалиев көрсөтмө берип, Ниязалиев өзүнө карата чыгарылган айыптоочу бүтүмдү түшүнбөгөнүн айткан.
2018-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет атайын операциянын негизинде чет өлкөлүк жалган фирмалардын жасалма документтерин жана мөөрлөрүн тапкан. Мындан мамлекеттик бюджет 600 млн. сомдон ашуун зыян тартканы кабарланган. Маалыматка ылайык, «Интеррустрейд» жана «Полларис» ишканаларынын жетекчилери салык жана бажы кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, өлкө бюджетинен 393 млн. сомду мыйзамсыз алышкан, мындан тышкары 239 млн. сомдон ашуун салык төлөшкөн эмес.
Бул иш боюнча 13 кишиге кылмыш иши козголгон. Алардын ичинде Мамлекеттик салык кызматынын алты, Мамлекеттик бажы кызматынын үч кызматкери бар. Аларга «Алдамчылык» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып коюлган. (TSh)