Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

Каир: оорукананын жанындагы жарылууда 20дай адам ажал тапты


Каирдеги жарылуу. 2019-жыл, 5-август.
Каирдеги жарылуу. 2019-жыл, 5-август.

5-августтун түнүндө Египеттин борбор шаары Каирде онкологиялык оорукананын жанында жарылуу болду. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги жолдо келе жаткан бир автоунаа каршысындагы үч машине менен кагылышканын, натыйжада жарылуу болгонун билдирди. Министрлик бул кол салуунун артында «Хазм» экстремисттик тобу турат деп аны айыптап, сүзгөн машиненин ичинде жарылуучу зат болгонун маалымдады.

Аталган топ азырынча комментарий бере элек.

Жарылуудан 19 адам ажал тапты, 50дөй киши жарадар болду жана бир канча автоунаа күйүп кетти.

Саламаттык сактоо министрлиги оорукананы имаратына да жараңка кеткенин билдирди.

Президент Абдел Фатах ал-Сиси маркумдардын жакындарына көңүл айтып, «мындай мыкаачы терроризмдин түбүнө жетүүгө» убада берди.

«Хазм» кыймылы 2016-жылдан бери полиция кызматкерлерине, мамлекеттик ишмерлерге жана судьяларга бир канча жолу кол салганын мойнуна алган. Египеттин бийлиги бул террордук топту «Мусулман агайындар» уюмунун бөлүгү катары айыптап келет.

XS
SM
MD
LG