Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:39

Солтон-Сары: бийлик өкүлдөрү эл менен сүйлөшүү жүргүзүүдө


Солтон-Сары.
Солтон-Сары.

5-августта Нарындын Солтон-Сары кениндеги кытайлык компания менен жергиликтүү элдин ортосунда чыккан чатактан жыйырмадай киши жабыркады. Алардын көпчүлүгү кытайлык компаниянын кызматкерлери.

«Азаттык» радиосунун Нарындагы кабарчысынын айтымында, 5-август күнү 500дөй адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык «Jhong ji Mining» компаниясына бараткан учурда чатак чыккан. Алгач эки тарап бири бирин таш менен уруп, андан кийин жаалданган жергиликтүү эл кытай компаниясынын кызматкерлерин токмоктоп салышкан. Айыл тургундарынын арасынан да бир нече кишиге таш тийгени айтылып жатат. Жергиликтүү эл компаниянын айрым жүк ташуучу автоунааларынын терезесин сындырып, тоодон ылдый айдап түшкөн.

Учурда милиция кызматкерлери чатакташкандарды тынчтандырып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кен чыккан жерден кете элек. Эл да тарабай турат. Нарындан окуя болгон жерге «Тез жардам» кызматы барган. Азырынча Солтон-Сары кениндеги чатак тууралуу расмий органдар маалымат тарата элек.

Жыйналган эл кытайлык компаниянын кызматкерлеринин чыгып кетишин талап кылып жатышат.

4-августта ал жерде 30дай малчы чогулуп, кытайлык компаниянын өкүлдөрүн бир күн мурда болгон чатак үчүн айыптап, «күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазасын алсын» деген талап коюшкан.

Чогулгандар менен жолуккан Нарын районунун акиминин орун басары Жаныш Ибраимакунов окуяга укуктук баа берилерин айткан.

Ал эми Солтон-Сарыда кен комбинатын куруп жаткан кытайлык «Jhong ji Mining» компаниясынын жергиликтүү эл менен иштешүү бөлүмүнүн адиси Малик Камилов териштирүүнүн жыйынтыгы менен компания жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдирген.

3-августта Солтон-Сарыда кен иштеткен компаниянын өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыккан. Чатактан Оттук айылынын эки тургуну жабыркап, ушул тапта Нарын облустук ооруканасында жатат. Ал эми кытайлык компаниянын 12 өкүлү Нарын райондук ички иштер бөлүмүндө сурак берүүдө. (MIK)

XS
SM
MD
LG