Ички иштер министрлигинде аймактарды кыдырып иштеген көчмө бекеттер ишке кирет. Көчмө бекеттер 7-августтан баштан Чүйдүн Сокулук районундагы Орок жана Жаңы-Жер айылдарын кыдырат. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Милициянын көчмө бекети Орок айылында саат 10дон 12ге чейин, Жаңы-Жерде саат 14:00дөн 16:00гө чейин иштейт. Бул көчмө топто министрликтин өкүлдөрү, Чүй облусунун милициясынын жетекчилери жана башка кызматкерлер болот. Айылдын жашооочулары милиция кызматкерлеринен ар кандай суроолоруна жооп алып, аймактагы тескөөчүнүн ишине баа бере алат. (TSh)