5-августта Ош шаардык сотунда Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу сот иши уланды. Соттук жараянда кылмышка шектүү Мелис Калыков судья Жолборс Кудаяровго ишенбестик көрсөттү. Бул тууралуу Калыковдун жакындары маалымдады. Бирок судья анын өтүнүчүн канааттандырган жок.
Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 2018-жылы 18-ноябрда Баткенде тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон.
Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында жатат. Калыков өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай келет. (TSh)