Жол кыймыл коопсуздугун сактоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2019-жылдын алты айында жол кырсыгынан 36 бала каза таап, 828и ар кандай жаракат алган.
Январдан июнга чейин өлкө аймагында 2825 жол кырсыгы катталган. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 17% көп. Жол кырсыгынан 300дөй адам каза болуп, 4 миңге жакын жаракат алган. Мас абалында жол кырсыгына кабылган 129 учур катталган.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2017-жылы 6 346 жол кырсыгы катталса, 2018-жылы 5 995 кырсык болгон. (TSh)