Казакстанда жол кырсыгында каза тапкан кыргызстандыктардын сөөгү мекенине жеткирилди. Буга Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу, Казакстандын Ички иштер министрлиги жана Байкоңур шаарында жашаган кыргыздар көмөк көрсөтүшкөн. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Жабыркаган үч адам Кызыл-Ордо облусундагы ооруканада жатат. Жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду.
Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу берген маалымат боюнча, 1-августта Казакстандын Кызыл-Ордо облусунун Кармакшин районундагы Батыш Кытай – Батыш Европа жолунда «Тойота-Естима» үлгүсүндөгү автоунаа менен «Мерседес Бенц» жүк ташуучу автоунаасы кагышкан. Жол кырсыгында беш кыргызстандык каза таап, дагы үчөө жараат алып ооруканага түшкөн. (TSh)